ИИМ: Кочкордогу окуяга байланыштуу бир катар жетекчилер кызматынан бошотулду  

  • 1 год мурун

Нарын облусунун Кочкор районундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү боюнча окуяга тиешеси бар Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн, Нарын облустук милициясынын да жоопкерчилиги онлайн кеңешмеде каралды.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ)  басма сөз кызматы билдирди.

-Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилери бул окуяга көз жумуп, элге карата кылмыш жасап жатышса дагы окуяны жаап-жашырып коюшкандыгы ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан аныкталды. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен төмөндөгү жетекчилер жана кызматкерлер тартип жазаларын алышты. Алар:

•Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) башчысы А. Жумабеков кызматынан  бошотулду;

•Нарын ОИИБ башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарыи А.Кудайбердиевге, Нарын ОИИБ башчысынын кызмат боюнча орун басары Р.Мурзакматовго,  кадр боюнча орун басары М.Турпанбаевге жана Нарын ОИИБ штабынын башчысы А.Токтосуновго “катуу сөгүш” берилди;

•Нарын ОИИБ кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы А.Усеналиев кызматтан бошотулду;

•ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы О.Акпаровго “сөгүш” берилди.

•ИИМ кылмыш иликтөө башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Нарын жана Ысык-Көл облусу боюнча башчысы А.Билдебаев, ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ага ыкчам өкүлү, Э.Токтосун уулу, Б.Асанов, А.Маратбек уулу кызматтан бошотулду;

•Нарын ОИИБ ички иликтөө бөлүмүнүн ага ыкчам өкүлү У.Омоков кызматынан бошотулду;

•Кочкор РИИБ башчысы А.Абыкеевдин жоопкерчилиги соттук кароолордун жыйынтыгынын негизинде каралат.

•Кочкор РИИБ башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Б.Эрменовго “катуу сөгүш” берилди;

•Кочкор РИИБ башчысынын орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу-кылмыш иликтөө кызматынын башчысы М.Алиевдин жоопкерчилиги соттук кароолордун жыйынтыгынын негизинде каралат;

•Кочкор РИИБ башчысынын орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу-коомдук коопсуздук кызматынын башчысы К.Садыбакасов менен Кочкор РИИБ  башчысынын кадрлар боюнча орун басары Н.Садыровго “катуу сөгүш” берилди;

•2022-жылдын 7-ноябрында Кочкор РИИБ жетекчиликтен жоопкерчиликтүү, милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн начальниги А.Абдыкеев, Кочкор РИИБ тергөө кызматынын тергөөчүсү А.Капаров, Кочкор РИИБ аймактык тескөөчүсү А.Мурзабек уулу ички иштер органдарынын катарынын биротоло бошотулду;

• Ал эми Кочкор РИИБ нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери З.Кожокматов, Кочкор РИИБ нөөмөт бөлүгүнүн нөөмөткөрүнүн жардамчысы Ч.Иманалиев кызмат ордунан бошотулду.

Жыйынтыктап айтканда, жалпысынан 22 кызматкер тартип жазасына тартылды, кызматтан 9 кызматкер бошотулду, 3 кызматкер ички иштер органынын катарынан бошотулду, калгандары жогоруда аталган тартип жазаларын алышты, -деп айтылат маалыматта.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Нарын облусунун Кочкор районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен беш милиция кызматкери кармалганын кечээ, 26-декабрда билдирген.

“7-ноябрда кылмыштуу топтун бул мүчөлөрү Кочкор районундагы кафелердин бирин өрттөйбүз деп, коркутуу жолу менен ай сайын 1000 АКШ долларын берип турууну талап кылышкан. Ошол эле учурда алар эсепти төлөөдөн орой баш тартышып, натыйжада мекеменин кожоюну мушташкандарга чара көрүү өтүнүчү менен милициянын 102 номуруна чалган” деп айтылат маалыматта.

Атайын кызматтын айтымында, милиция берилген арызга чара көргөн эмес жана кылмыштуу топтун мүчөлөрү коркутуп-үркүтүүлөрүн улантып келген.

Расмий маалыматта аларга чара көрүүгө аракет кылган учурда милициянын аймактык бөлүмүнүн башчысын кол алдындагылардын көзүнчө сабап, өздөрү изин жашырып кетишкени айтылат.

“Кылмыш ишин тергөө учурунда Кочкор РИИБ жетекчилиги тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө колдоо көрсөткөндүгү тууралуу маалыматтар алынган. Ошол эле учурда нөөмөт кызматына бул окуяны журнал жана оперативдүү протоколдоруна киргизбөө боюнча көрсөтмө берүү менен окуяны жаап-жашыруу аракеттери документтештирилген. Ошол эле учурда РИИБ жетекчилиги кызматтык абалынан пайдаланып, мекеменин ээсин тиешелүү органдарга кайрылбоого бир нече жолу көндүрүүгө аракет кылышкан” деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты