ИИМ инвесторлордон 200 миң доллар опузалаган жаранга байланыштуу окуянын чоо-жайын түшүндүрдү  

  • 7 месяцев мурун

Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан чет элдик инвесторлордон өзгөчө ири өлчөмдө, 200 миң АКШ долларын талап кылган жарандар кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 24-сентябрь күнү ИИМдин тергөө кызматына Х.С. аттуу башка мамлекеттин жараны арыз менен кайрылган. Анда, 2023-жылдын 22-августунан 16-сентябрына чейинки убакытта Н.Т. аттуу арыздануучунун таанышы «Ислам» жана «Фазиль» аттуу уулдары менен сүйлөшүп, ок атуучу курал менен анын үй-бүлөсүнө зыян келтиребиз деп коркутуп, башка өлкөнүн үч жаранына арыздануучуга карата арыз жазууга мажбурлашкан. Анда, президенттик администрациянын жаңы имаратын куруп жаткан жумушчулардан ар биринен 150 миң сом акча каражатын алган деп билдирген.

2023-жылдын 16-сентябрь күнү саат 21:00 чамасында Т.Н. Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде болуп, Х.С.ны каматам деп жана жогорку кызматтагы адамдар менен коркутуп, республиканын укук коргоо органдары ага карата материалдарды жана арыздарды чогултуп жаткандыгы тууралуу терс маалыматтарды берип, дагы бир жолу жакшылап ойлонорун айтып кеткен.

2023-жылдын 17-сентябрь күнү саат 20:30 чамасында Т.Н. борбор калаада жайгашкан кафелердин биринде Х.С.ны шантаж кылууну улантып, жумушчулардын арызы менен коркутуп, 200 миң АКШ долларын талап кыла башташкан.

Ошол эле күнү бул кылмыш ишинин алкагында 1978-жылы туулган Н.Т.нын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, анын “BMW X7” үлгүсүндөгү унаасынан өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү баңги заты, темир кастети жана 11 даана патрон табылган жана алынган.

Аталган кылмыш ишинин алкагында 24-сентябрда кылмыш-процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелерине ылайык, 2001-жылы туулган Н.И., 1997-жылы туулган М.Ф., башка өлкөнүн жараны кармалып, Бишкек ШИИББ убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми 25-сентябрда жазык-процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелерине ылайык 1978-жылы туулган Н.Т. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жаткандыгы айтылды.

Багы чейин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жогорку даражалуу аткаминерлер менен байланышы бар экенин айтып, керек болсо “силерди жок кылам “деп коркутуп, инвесторлордон опузалап ири өлчөмдө акча талап кылган жаран кармалганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты