«Жогору даражалуу аткаминер» менен байланышын айтып, инвесторлордон чоң акча опузалаган жаран кармалды

  • 7 месяцев мурун

Жогорку даражалуу аткаминерлер менен байланышы бар экенин айтып, керек болсо «силерди жок кылам «деп коркутуп, инвесторлордон опузалап ири өлчөмдө акча талап кылган жаран кармалды.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасында билдирди.

-Өзүңүздөргө маалым болгондой, өлкөгө түз инвестицияларды тартуу иши оңой эмес. Ошол эле учурда бүгүнкү күндө тилекке каршы, инвесторлордун өлкөбүздө ишмердүүлүгүнө жолтоо болгон учурлар бар. Мисалы ак ниет эмес бир жаран кармалды. Ал өзү бизнесмен жана жогорку даражалуу аткаминерлер менен байланышы бар экенин айтып, «керек болсо силерди жок кылам» деп коркутуп, инвесторлордон опузалап ири өлчөмдө акча талап кылган» деди Султанбаев.

Ошондой эле бул маалымат Президент Жапаровго жеткен жана ал териштирүү тапшырмасын берип, анын жыйынтыгында бул жаран кармалып, камакка алынганы жана тергөө иштери жүрүп жатканы да айтылды.

-Президент Жапаров дагы бир жолу Кыргызстанда «кол тийбестер» жок экендигин эскертет. Өлкөдө кимде-ким инвесторлорду жогорку даражалуу байланыштары менен коркутуп-үркүтүп, алардын ишмердүүлүгүнө жолтоо болсо, инвесторлорду жеке кызыкчылыгына пайдаланып, алардан мыйзамсыз акча каражатын талап кылса, дароо камалат.

«Өлкө башчысын адаштырып коебуз же ал эч нерсе билбей калат» дегендер болсо, алар катуу жаңылышат. Президент Жапаров УКМК, ИИМ жана башка жеке булактарынан ыкчам маалыматтарды дайыма алып турат. Учурда мамлекет башчыда дагы кимдер «жогорку байланыштарына» жамынып инвесторлорду коркутуу, акча талап кылуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Арам ойлорун ишке ашырам дегендер үчүн абактарда орун жетиштүү» деп жазды Эрбол Султанбаев.

Социалдык тармакта кармалган киши Төлөнбай Нурбаев экенин жазышууда. Нурбаевдин Фейсбуктагы баракчаларында БАЭ, Корея, Түркия ж.б. чет өлкөлүк инвесторлор менен жолугушуулары, схйлөшүүлөрү боюнча маалыматтары чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты