ИИМ Болот Темировдун депортацияланышына анын кыргыз жарандыгынын жоктугу себеп болгонун билдирди

  • 1 год мурун

Бүгүн, 30-ноябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип, Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев иликтөөчү журналист Болот Темировдун Орусияга депортацияланышына анын кыргыз жарандыгынын жоктугу себеп болгонун билдирди.
«Анын Кыргызстандан мыйзамсыз алган паспорту жараксыз деп табылганы үчүн, ал Орусиянын жараны болгону үчүн чыгарылды» деди Абдиев.

Абдиевдин айтуусунда, адамды өлкөдөн чыгаруу чечими чыкканда анын коопсуздугу үчүн милиция кызматкерлери коштоп барат. Ал Кыргызстандан быйыл 13, былтыр 19 чет өлкөлүк жаран чыгарылганын билдирди.

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин карады. Сот Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды.

Өкүм жарыялангандан кийин дароо Болот Темиров кармалып, коштоо менен сот залынан чыгарылды. Андан кийин милициянын коштоосунда Москва шаарына депортацияланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты