ИИМ басма сөз кызматынын жетекчиси: Депутаттардын соцтармакта тараган тизмеси – фейк маалымат

  • 2 недели мурун

Социалдык тармактарга тараган Жогорку Кеңештин болочок депутаттарынын тизмеси фейк болуп саналат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов басма сөз жыйынында билдирди.  

“Бул фейк маалымат. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Жарандарды туура эмес маалыматтарды таратпоого жана мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырабыз” деди ал.

Кечээ, 29-ноябрда, Threads социалдык тармагында Жогорку Кеңешке ар бир округ боюнча өтчү депутаттардын тизмеси жарыяланып, колдонуучулар аны талкууга алышкан.

Бүгүн, 30-ноябрда, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүүдө. Жарандар жаңы система — көп мандаттуу 30 шайлоо округу боюнча 90 депутатты шайлашат.

Шайлоочу өз округунан бир гана талапкерди белгилей алат. БШКнын маалыматында караганда, 461 талапкер шайлоого катышат. Өлкөдө 4 миллион 290 миң шайлоочу катталган. Добуш берүү үчүн 2492 шайлоо участогу ачык болот.

Добуш берүү эртең мененки саат 8:00дө башталды жана  кечки саат 20:00дө токтойт. Парламенттик шайлоого 58 өлкөдөн 788 байкоочу көз салат.

Сүрөт: shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты