Human Rights Watch акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан бошотпоого чакырды

  • 11 месяцев мурун

Эл аралык Human Rights Watch (HRW)  укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигине кайрылып, акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан бошотпоо талабы менен чыкты.

«Атыр Абдрахматованы кызматтан бошотуу эл аралык коомчулукта Кыргызстан адам укугу жаатындагы өз милдеттенмелерине олуттуу карабай жатат деген тынчсызданарлык белги болуп калат” деди аталган уюмдун Борбор Азия боюнча изилдөөчү Сынат Султаналиева.

Анын айтымында, өлкө бийлиги Акыйкатчы аппаратынын көз карандысыздыгын камсыздап,  Кыргызстанда адам укугунун сакталышын тоскооолдуксуз аткарууга мандат бериши керек.

“Атыр Абдархамтаваны мөөнөтүнөн турда бошотуу анын иши үчүн өч алуу сыяктуу, Кыргызстан адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жатат деген тынчсызданчу белги болуп саналат” деди ал.     

19-апрелде “Ата-Журт-Кыргызстан” фракциясы Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын полномочиесин мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алган.

Укук коргоочулар, журналисттер жана көңүлкош эмес жарандар президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңешке Кайрылуу катына кол топтоп жатышат. Кайрылууга 80ден ашык адам кол койгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты