«Ата-Журт-Кыргызстан» фракциясы Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алууну сунуштады

  • 1 год мурун

Бүгүн, 19-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчынын 2022-жылга карата өлкөдө адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндөгү баяндамасын укту.
Өз баяндамасында Акыйкатчы Атыр Абдрахматова “2021-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жөнүндөгү” сунуштамалардын аткарылышына токтолду. Ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жаатындагы Акыйкатчынын чара көрүү актыларын ишке ашыруу боюнча жасалып жаткан жумуштардын жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Айрыкча, балдардын жана аялдардын укуктарын коргоо багытындагы абалга өзгөчө көңүл бурду.
Акыйкатчынын баяндамасы буга чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында каралып, эске алуу чечими кабыл алынган.

Бирок Жогорку Кеңештин жыйынында аталган чечим четке кагылды. Ал арада “Ата-Журт- Кыргызстан” парламенттик фракциясы Жогорку Кеңештин регламентинин тиешелүү ченемдерине ылайык, Атыр Абдрахматованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун киргизди.

Натыйжада аталган демилге тиешелүү комитеттин кароосуна жөнөтүлдү. Добуш берүү учурунда 14 депутат Акыйкатчынын баяндамасын кабыл алууну туура тапса, 41 депутат каршы чыкты.
“Ата-Журт-Кыргызстан” фракциясы Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын полномочиесин токтотуу чечимин кабыл алган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.
.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты