Хабибулла Абдукадыр Болот Темировду жана “Клооп” басылмасын сотко бергени айтылды

  • 7 месяцев мурун

Кыргызстанга чуулгандуу иштери менен таанымал ишкер Хабибулла Абдукадыр 15-апрелде иликтөөчү журналист Болот Темировду жана “Клооп” басылмасын сотко берди.

Бул тууралуу Болот Темиров Фейсбук баракчасында билдирди жана юристтер менен бул доону иликтеп жатканын айтты.

Хабибулла Абдукадыр сотко журналистти жана басылманы  “Мадина” базары боюнча журналисттик иликтөөсү үчүн берген.

Сот Бишкек шаарынын Октябрь районунда болмокчу.  

«Азаттык», OCCRP жана «Клооптун» биргелешкен иликтөөсүндө Хабибула Абдукадыр туугандары менен бирге Борбор Азияда контрабандадан, салык төлөөдөн качуудан жана башка схемалардан миллиондогон киреше тапкан көмүскө жүк империясын кантип башкаргандыгы баяндалат. Анда бул үй-бүлө коррупциялашкан Кыргыз бажысынын мурдагы жетекчисинин орун басары Райымбек Матраимовдун жардамына таянып акча адалдап келгени далилденген. Документтердин жардамы менен журналисттер Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн Германияга, Улуу Британияга, АКШга жана Дубайга кеминде 209 миллион доллар которгонун далилдешкен. 

Хабибула Абдукадыр ири суммадагы акчаларды адалдоо иштерине катышканы далилденсе дагы жаза алуунун ордуна Кыргызстандын биринчи адамдары менен коюн-колтук алышып, мамиле түзүп келет. Кезинде мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен дагы өнөктөш болгон, кийинки президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынын сыйлуу коногу болгон.

2020-жылы 1-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жасаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги мурдагы «Нарын» ресторанынын» ордуна курула баштаган көп тармактуу комплексти жана Орто-Сай айылындагы мечитти курууга уйгур тектүү кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр инвестор болуп жатканын тастыктаган.

Президент «Кабар» мамлекеттик агенттигине берген маегинде Кыргызстанга беш жылдыздуу мейманканаларды куруу үчүн инвесторлорду чакырганын, анын негизинде Хабибулла Абдукадыр дагы инвестор катары келгенин айтты.

Президенттин айтымында, Хабибулла Абдукадыр мурдагы “Нарын” ресторанынын ордун буга чейин эле сатып алган.

Жапаров инвестордун мурдагы президенттер менен кандай мамиледе болгону аны кызыктырбасын белгилеп, өлкөгө акча киргизгендер болсо «кол чаап тосуп аларын» билдирди:

«Эң негизгиси кылмыш иши жок болсо, издөөдө жок болсо болду. Мага Кыргызстандан акча чыгарып кетпей, тескерисинче, акча киргизгендер болсо, “келгиле, ар кайсы тармакка акча салгыла” деп баарын чакырамКол чаап тосуп алам. Интригадан башы чыкпаган журналисттердин же саналуу адамдардын сын-пикирлеринен коркпойм. Эң негизгиси жаман иш жасап, коррупцияга аралашып кетпесем болдубу? Жалпы эл, Кудай көрүп турат баарын«.

Сүрөт: Интернет булактарынан 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты