Садыр Жапаров Хабибулла Абдукадырдын Бишкектеги ири бизнес-борборду жана мечитти куруп жатканын тастыктады

  • 1 год мурун
Садыр Жапаров Хабибулла Абдукадырдын Бишкектеги ири бизнес-борборду жана мечитти куруп жатканын тастыктады

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги мурдагы «Нарын» ресторанынын» ордуна курула баштаган көп тармактуу комплексти жана Орто-Сай айылындагы мечитти курууга уйгур тектүү кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр инвестор болуп жатканын тастыктады.

Президент «Кабар» мамлекеттик агенттигине берген маегинде Кыргызстанга беш жылдыздуу мейманканаларды куруу үчүн инвесторлорду чакырганын, анын негизинде Хабибулла Абдукадыр дагы инвестор катары келгенин айтты.

Президенттин айтымында, Хабибулла Абдукадыр мурдагы “Нарын” ресторанынын ордун буга чейин эле сатып алган.

«Ошол жерге беш жылдыздуу мейманкана салып башташты. Баасы 321 млн долларлык 37 кабаттуу мейманкана башталды. Эң бийик биринчи имарат болот. Эки жылда бүтөбүз дешти. Бүткөндөн кийин стабилдүү түрдө 2100 жумушчу орун болот. Такси кызматы, тейлөө кызматтары иштейт. Кыскасы баш айгы болуп 5 миң жумушчу орун пайда болот. Туристтер келет«, — деди Жапаров.

Президент аталган инвесторлор Бишкектин ичинен жер сатып алып, «Бишкек-сити» деген аталышагы кичи шаарча салышарын кошумчалады.

«Мындан сырткары, Бишкектин ичинен жер сатып алышып «Бишкек-сити» деп кичи шаарча салмай болушту. Мурда эле пландап жүрүшкөн экен. Бизде тынчтык орнобой бийлик башындагылар бири-бирибиз менен чабыша берип, булар Ташкентке кетип, “Ташкент-ситини” куруп бүтүп калышыптыр. Эми бизде стабилдүүлүк орногондон кийин кайра инвесторлордун баарын чакырдым. Кайра бизге келишти. Кыскасы, Бишкекке баш-аягы бир жарым млрд доллар инвестиция салышат. Мунун эмнеси жаман?» — деди мамлекет башчысы.

Мындан тышкары ал Орто-Сай айылындагы 20 миң кишилик мечитти дагы ошол эле инвесторлор бекер куруп беришерин айтты.

Жапаров инвестордун мурдагы президенттер менен кандай мамиледе болгону аны кызыктырбасын белгилеп, өлкөгө акча киргизгендер болсо «кол чаап тосуп аларын» билдирди:

«Эң негизгиси кылмыш иши жок болсо, издөөдө жок болсо болду. Мага Кыргызстандан акча чыгарып кетпей, тескерисинче, акча киргизгендер болсо, “келгиле, ар кайсы тармакка акча салгыла” деп баарын чакырам. Кол чаап тосуп алам. Интригадан башы чыкпаган журналисттердин же саналуу адамдардын сын-пикирлеринен коркпойм. Эң негизгиси жаман иш жасап, коррупцияга аралашып кетпесем болдубу? Жалпы эл, Кудай көрүп турат баарын«.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-мартта президент Садыр Жапаров Бишкекте көп тармактуу комплекстин жана заманбап мечиттин курулушуна капсула салган.

Маалыматка ылайык, комплексте 296 номери бар беш жылдыздуу мейманкана болот. Ошондой эле 444 батирлүү турак жай, соода аянттары жана 1,2 миңден ашык автоунаа үчүн жер астындагы машине токтотуучу жай салынат. Долбоордун баасы 321 млн. АКШ долларын түзөт.

Президенттин администрациясы долбоорду ТОО “Feb group” филиалы, Hyper Partners, ARIYA, Core Architecture жана “Gurgoli” курулуш компаниясы ишке ашырарын билдирген.

«ПолитКлиника» медиасы жогоруда аты аталган компаниялардын бири Hyper Partners’тин ири суммадагы акчаларды адалдоо иштери менен белгилүү болгон уйгур тектүү кытайлык ишкер Хабибула Абдукадыр менен байланышы бар экенин аныктап чыккан. 

Хабибула Абдукадыр ким жана анын Бишкектеги ири объектти курууга катышуусу эмнени билдирет?

«Азаттык», OCCRP жана «Клооптун» биргелешкен иликтөөсүндө Хабибула Абдукадыр туугандары менен бирге Борбор Азияда контрабандадан, салык төлөөдөн качуудан жана башка схемалардан миллиондогон киреше тапкан көмүскө жүк империясын кантип башкаргандыгы баяндалат. Анда бул үй-бүлө коррупциялашкан Кыргыз бажысынын мурдагы жетекчисинин орун басары Райымбек Матраимовдун жардамына таянып акча адалдап келгени далилденген. Документтердин жардамы менен журналисттер Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн Германияга, Улуу Британияга, АКШга жана Дубайга кеминде 209 миллион доллар которгонун далилдешкен. 

Хабибула Абдукадыр ири суммадагы акчаларды адалдоо иштерине катышканы далилденсе дагы жаза алуунун ордуна Кыргызстандын биринчи адамдары менен коюн-колтук алышып, мамиле түзүп келет. Кезинде мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен дагы өнөктөш болгон, кийинки президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынын сыйлуу коногу болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты