Грузияда “Грузин кыялы” партиясы парламенттик шайлоодо алдыга чыкты
- 2 месяца мурун
Грузиядагы бийликчил “Грузин кыялы” партиясы парламенттик шайлоодо озуп чыкты. Болжолдуу маалыматтар боюнча, ал партия шайлоочулардын 52, 9 %ын алды.
Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендердин 68,7 %ын санап, “Грузин кыялы” саясий партиясы шайлоочулардын 52,9 % добушун алгандыгын билдирди.
Андан кийин оппозициялык төрт партия: “Өзгөрүүлөр үчүн коалиция” (11,197%), «Биримдик — Улуттук кыймыл» (9,797%), «Күчтүү Грузия» (9,056%) жана «Грузия үчүн» (8,264%).
БШКнын маалыматы боюнча саат 20:00гө карата өлкө боюнча шайлоого катышуу 58,96%ды түздү (2 060 412 добуш болду).
Бизнесмен Бидзина Иванишвили негиздеген “Грузин кыялы” партиясы бийликте 12 жылдан бери турат. Ал Орусияны жактагандыгы белгилүү.
«Грузин кыялы» партиясы жеңишти белгилей баштады.
26-октябрда Грузияда парламенттик шайлоо өттү. Өлкө боюнча үч миңден ашык шайлоо тилкелери ачылды.
Сүрөт: Интернет булактарынан