Грузияда парламенттик шайлоо өтүүдө
- 2 года мурун
Бүгүн, 26-октябрда, Грузияда парламенттик шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча үч миңден ашык шайлоо тилкелери ачылды.
Эртең мененки саат 8де 3111 шайлоо тилкеси иштей баштады, анын 67си — чет өлкөлөрдө.
Анда пропорционалдык система боюнча 150 депутат шайланат. Шайлоого 18 партиялык бирикме катышууда. “Грузин кыялы”, “Бирдиктүү улуттук кыймылы”, “Өзгөрүүлөр коалициясы”, “Күчтүү Грузия”, “Грузия үчүн” саясий партиялары ат салышууда.
ЖМКдагы маалыматтарга караганда, негизги таймаш бийликчил «Грузин кыялы» партиясы менен оппозициялык партиялардын ортосунда жүрөт.
Шайлоонун болжолдуу жыйынтыктары саат 23тө чыгып калат.
Сүрөт: Reuters
Муну бөлүшүү




