Азербайжандан келе жаткан Түркиянын учагы Грузияда кулады

  • 2 месяца мурун

Грузияда Азербайжандан келе жаткан Түркиянын С-130 учагы шаршемби күнү эртең менен кулады. Андагы 20 аскер адамы каза тапты.

Бул тууралуу Түркиянын Коргоо министрлиги билдиргенин Reuters агенттиги жазды.

Грузиянын Ички иштер министрлигинин билдирүүсү боюнча, Учак Сигнахи муниципалитетинин аймагында кулаган.

Грузия тараптын билдирүүсүнө караганда, учак кырсыкка учураган белги берген эмес жана Грузиянын аба аймагына киргенден бир нече мүнөттөн кийин радардан көрүнбөй калган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарада сүйлөп жатып, кабар угулар менен сөзүн токтотуп, аскер адамдарын эскерген.  

Сигнахи провинциясы Грузиянын түштүк-чыгышында жайгашкан.   

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга аскердик учактын кырсыкка кабылышына байланыштуу көңүл айтты.

“Азербайжан Республикасынан Түркия Республикасына бара жаткан аскердик учагы кырсыкка учураганын терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, курман болгондордун туугандарына жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам” деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты