Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Иминов эки айга камалды

  • 7 месяцев мурун

Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов эки айга, 4-декабрга чейин СИЗО-1 абак жайында камакта калтырылды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чечим кабыл алганын соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында К.Асанбектин (Камчы Көлбаев)  уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылаганы үчүн грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминовду кармаганы маалымдалган.

Ал жүктөрдү ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишмердүүлүгүнө катышып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жалпы кассасына алардын ишмердүүлүгүнөн “салык” (“дань” деп аталган нерсени) чогултууга катышканы (жалпы пайданын болжол менен 30%ы) аныкталды.

Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты