Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кармалды

  • 7 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, К.Асанбектин (Камчы Көлбаев-ред.)  уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылаганы үчүн грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти И. А. Х. (Ахрор Иминов-ред.)  кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Ал жүктөрдү ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишмердүүлүгүнө катышып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жалпы кассасына алардын ишмердүүлүгүнөн “салык” (“дань” деп аталган нерсени) чогултууга катышканы (жалпы пайданын болжол менен 30%ы) аныкталды.

Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты