Гедмин: «Азаттык» өз аудиториясына такталган маалыматты жеткире берет

  • 10 месяцев мурун

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президентинин милдетин аткаруучу Жеффри Гедмин «Азаттыктын» иши боюнча Бишкек шаардык сотунун чечиминен кийин 12-июлда билдирүү таратты.

12-июлда сот маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен «Азаттык Медиа» мекемесинин ортосундагы тынчтык келишимин бекитип, Ленин райондук сотунун 27-апрелдеги «Азаттыктын» ишмердигин токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарып, соттук териштирүүнү токтоткону маалым болду.

«Эл аралык коомчулуктун жапатырмак аракеттеринин жана колдоосунун жыйынтыгы менен «Азаттык» радиосу өз аудиториясына такталган маалыматты жеткире берет»  деди Гедмин. «Бул күттүргөн чечим «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун миссиясына, принциптерине жана журналисттик стандарттарына шайкеш келет».

Тынчтык келишимин бекиткен соттун чечимине ылайык, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги санарип өнүктүрүү министрлигине «Азаттыктын» сайтынын ишин жандандыруу боюнча кат жиберет.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги да 12-июлда билдирүү таратып, «Азаттык Медиа» мекемеси менен соттошуулар токтогонун кабарлады.

Маданият министрлиги былтыр 24-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы — “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган.

Мындан кийин «Азаттыктын» банктагы эсеби бөгөттөлсө, кийин маданият министрлиги маалымат каражатынын ишмердигин токтотуу боюнча сотко арыз жазган. Бул арызды быйыл 27-апрелде Ленин райондук соту канааттандырган. «Азаттыктын» адвокаттары бул иш боюнча Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазган.

«Азаттык» радиосу туш болгон соңку басымды АКШ, Британия, Евробиримдиктин элчиликтери жана бир катар эл аралык, жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, бийликтин бул аракетине тынчсыздануусун билдирген.

12-июлда Европарламенттин пленардык жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым, «Азаттыктын» иши тууралуу резолюция талкууланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты