Сот чечими. АКШ өкмөтү “Азаттыкты” каржылоону жандантты
- 3 месяца мурун
Глобалдык медиа агенттиги (USAGM) “Азаттык” радиосунун грантын убактылуу жандандырды.
Бул тууралуу аталган агенттиктин билдирүүсүндө айтылат.
Каржылоонун жандандырылышы Вашингтондогу федералдык округдук соттун 26-марттагы чечиминин негизинде болгон.
Сот USAGM агенттиги “Азаттыктын” жабылышына чаралар көрүлгөнгө чейин кандайдыр чаралардан карманып турушу керек деп тапты.
USAGM билдирүүсүндө агенттик “Азаттык” радиосунун позициясы менен макул эместигин айтты.
АКШнын президенти Дональд Трамп 14-мартта федералдык жети агенттиктин кызматкерлеринин санын кыскартуу жарлыгын чыгарды. Анын ичинде АКШнын Глобалдык медиа агенттиги да бар (USAGM), ал “Азаттык” жана “Америка үнү” медиа корпорацияларын каржылайт. “Америка үнү” берүүлөрүн токтоткон, ал эми “Азаттык” ишин улантууда.
«Азаттык» үналгысы — эл аралык көз карандысыз эркин радио -“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун (Radio Free Europe/Radio Liberty Inc.) Кыргыз кызматынын расмий аталышы. Баш кеңсеси Чехиянын борбору Прага шаарында жайгашкан.
“Эркин Европа/Азаттык” үналгысы ушу тапта дүйнөгө 26 тилдеги берүүлөрдү уктуруп келет. Ал АКШнын Конгресси тарабынан каржыланат.
“Азаттык” үналгысынын берүүлөрү 1953-жылдан бери обого чыгып келатат. Эң алгач “Азаттыктын” “Түркстан редакциясынын” курамындагы кыргызча берүүлөрдү Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) даярдаган.
Кыргызстандагы «Азаттык» үналгысы дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы окуяларды объективдүү, оперативдүү чагылдырган алдыңкы медиа болуп саналат.