Газада ок атышууну токтотуу келишими үч сааттай кечигип ишке киришти

  • 2 месяца мурун

Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы ок атышууну токтотуу келишими бүгүн, 19-январда ишке киришти. Бирок белгиленген убакыттан үч саат кечигип ишке киришти. Анын себеби ХАМАС барымтага алынган кишилердин бошотулган тизмесин кечирээк берди.

Бул тууралуу Би-Би-Синин орус кызматы кабарлады.

ХАМАС барымтага алынган кишилердин бошотулганыгы тууралуу тизмени берүүнү кечиктиргени техникалык себептерге байланыштуу экени айтылды.

Жарашуунун биринчи этабында, 19-январдан баштап, 6 жумада) ХАМАС барымтага алган израилдик аялдар, балдар, улгайган адамдар, оорулуулар жана жаракат алгандары, бардыгы 33 киши бошотушат. Бошотула турган кишилердин жалпы тизмеси жарыяланган. Барымтага алынгандарды бир нече партия кылып, бир нече адамдарды бошотуп турушмак. Жарашуунун бир нече саат кийин башталганы барымтадан бошотулгандардын тизмесинин жоктугу болгон.  

Ал эми Палестина тараптан алты жума ичинде Израиль түрмөлөрүндө жаткан 33 киши бошотулат.

Израиль жана ХАМАС боюнча сүйлөшүүлөрдүн ортомчулары тараптарга Газа секторундагы жарашуу боюнча акыркы долбоорун берди. Бул тууралуу   Reuters агенттигине сүйлөшүүнүн жүрүшүнөн кабардар булак билдирген.

Анын айтымында, 13-январга караган түндөгү сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өттү деп айтууга болот. Бул сүйлөшүүлөр ортомчулар — АКШ-Катар-Египет аркылуу бир жылдан бери жүрүп жатат. Агенттиктин булагы Катардын өкүлү тараптарга согушту токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча келишимдин текстинин акыркы вариантын берди.  

Анда маалымдалгандай, сүйлөшүүлөрдө учурдагы президент Байден жана жаңы шайланган президент Дональд Трамп тарабынан жиберилген өкүлдөр, Израилдин атайын кызматынын “Моссад” жана ШАБАК жетекчилери,  Катардын премьер-министри Мухаммед бин Абдель Рахман аль-Тани катышкандыгы айтылат.

2023-жылы 7-октябрда ХАМАС Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен.

Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган. Он айда Газада каза болгондор 40 миңге жеткенин сектордун саламаттык сактоо мекемеси билдирген.

Газадагы согуш токтобой, Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуп жаткандыктан АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен он ай ичинде бул аймакка тогузунчу жолу барып, бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 2024-жылы 19-августта ал АКШнын тынчтык орнотуу сунушун Израил колдогонун, эми кийинки маанилүү кадам ХАМАСтан күтүлүп жатканын айткан.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчушу ыктымал деген кооптонуу 2024-жылы 31-июлда Ирандын борбору Тегеранда ХАМАС тобунун саясий лидери Исмаил Ханиянын  өлүмүнөн кийин күчөгөн. Иран Ханиянын өлүмүнө алып келген чабуул үчүн Израилди айыптап, “катаал жаза” болорун билдирген. Израилдик аскерлер бул чабуул үчүн жоопкерчиликти алган эмес.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты