Катар Израиль менен ХАМАСка Газада жарашуу боюнча соңку долбоорду берди

  • 1 месяц мурун

Израиль жана ХАМАС боюнча сүйлөшүүлөрдүн ортомчулары тараптарга Газа секторундагы жарашуу боюнча акыркы долбоорун берди. Бул тууралуу   Reuters агенттигине сүйлөшүүнүн жүрүшүнөн кабардар булак билдирген.

Анын айтымында, 13-январга караган түндөгү сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өттү деп айтууга болот. Бул сүйлөшүүлөр ортомчулар — АКШ-Катар-Египет аркылуу бир жылдан бери жүрүп жатат. Агенттиктин булагы Катардын өкүлү тараптарга согушту токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча келишимдин текстинин акыркы вариантын берди.  

Анда маалымдалгандай, сүйлөшүүлөрдө учурдагы президент Байден жана жаңы шайланган президент Дональд Трамп тарабынан жиберилген өкүлдөр, Израилдин атайын кызматынын “Моссад” жана ШАБАК жетекчилери,  Катардын премьер-министри Мухаммед бин Абдель Рахман аль-Тани катышкандыгы айтылат.

“Кийинки 24 саат макулдашууга жетишүү үчүн маанилүү учур” деп айтат Reuters булагы.

Израилдин  Kan радиосу Израил жана ХАМАС делегациялары  келишимдин тексттин алгандыгын жергиликтүү аткаминердин билдирүүсү боюнча кабарлаган.

2023-жылы 7-октябрда ХАМАС Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен.

Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган. Он айда Газада каза болгондор 40 миңге жеткенин сектордун саламаттык сактоо мекемеси билдирген.

Газадагы согуш токтобой, Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуп жаткандыктан АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен он ай ичинде бул аймакка тогузунчу жолу барып, бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 2024-жылы 19-августта ал АКШнын тынчтык орнотуу сунушун Израил колдогонун, эми кийинки маанилүү кадам ХАМАСтан күтүлүп жатканын айткан.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчушу ыктымал деген кооптонуу 2024-жылы 31-июлда Ирандын борбору Тегеранда ХАМАС тобунун саясий лидери Исмаил Ханиянын  өлүмүнөн кийин күчөгөн. Иран Ханиянын өлүмүнө алып келген чабуул үчүн Израилди айыптап, “катаал жаза” болорун билдирген. Израилдик аскерлер бул чабуул үчүн жоопкерчиликти алган эмес.

Сүрөттө: Давид Барнеа, «Моссад», башчысы, сүйлөшүүлөрдөгү Израил өкүлү. Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты