Тегеранда ХАМАСтын лидери Исмаил Хания жок кылынды
- 8 месяцев мурун
ХАМАС лидери Исмаил Хания өлтүрүлгөнүн Палестина аскер тобу шаршембиде билдиргенин Рейтер агенттиги жазды.
Irna агенттигинин билдирүүсү боюнча, Исмаил Хания 31-июлда Тегерандагы резиденцияга чабуулдун натыйжасында өлтүрүлгөн. Хания менен бирге анын жансакчысы да өлтүрүлгөн.
روابط عمومی کل سپاه: آقای دکتر #اسماعیل_هنیه رئیس دفتر سیاسی حماس و یکی از محافظان وی در اثر اصابت قرار گرفتن محل اقامت آنان در تهران به شهادت رسیدند pic.twitter.com/sYjJPv5YXU
— خبرگزاری تسنیم 🇮🇷 (@Tasnimnews_Fa) July 31, 2024
Газа тилкесинде Израилдин сегиз айдан берки чабуулдарынан каза болгон палестиндердин жалпы саны 36 479га жеткени июнь айынын башында кабарланган. Израил армиясы (ЦАХАЛ) Газадагы операциясы уланып, курал-жарак жана ок-дары катылган жайлар жок кылынып жатканын маалымдаган.
Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан баш калкалап, тилкенин улам бир аймагына барып жашынып жашоого мажбур болууда. Израилдин тилкедеги аскердик операциясына 2023-жылдын 7-октябрындагы окуя түрткү болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алган, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.
Израил бул үчүн ХАМАСты айыптап, негизги максаты аны жок кылуу экенин билдирген. Газа тилкесин ХАМАС көзөмөлдөйт.
Сүрөттө: Исмаил Хания. Интернет булактарынан