Гаага соту Орусия армиясынын Украинадагы кылмышын иликтөөгө ниеттенүүдө

  • 2 года мурун

Гаагадагы эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Хан Украинадагы адамзатка каршы жана ыктымал аскердик кылмыштарга карата иш ачарын билдирди.

Британиялык юрист Карим Хан күбө, далилдерди чогултуу мүмкүндүктөрүн иликтөө боюнча командасына буйрук бергенин кошумчалады.

Буга чейин Литва Гаага сотунан Орусия менен Беларустун Украинадагы ыктымал аскердик кылмыштарын иликтөөнү баштоого чакырган. Өлкөнүн премьер-министри Ингрида Шимоните: «Путиндин жасаганы – киши өлтүрүүдөн башка эч нерсе эмес жана ал Гаагада болот деп үмүттөнөм», — деген.

Бул арада Орусия чабуул учурунда, анын ичинде Харьковдогу турак жайларды бомбалоодо авиациялык миналар же майда бомбалар толтурулган курал колдонгонун тастыктаган далилдердин саны көбөйүүдө.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда.

Украиналык маалымат каражаттары Орусиянын аскердик кол салуусунан 352 украиналык тургун каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Окуянын алгачкы күнү Киев 137 аскери курман болгонун маалымдаган, андан кийинки жагдай азырынча белгисиз.

Мунун алдында Украинанын Коргоо министрлиги Орусиянын армиясынын жоготуулары 5300 жоокерди түзөрүн маалымдаган. Бул категориянын ичинде өлгөндөр, колго түшкөндөр, жарадарлар кошо санала турганын ырастаган.

Орусия каза тапкан же жараат алган аскерлери бар экенин моюнуна алганы менен алардын санын айта элек. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын 1000ге жакын аскердик объектисин талкалаганын гана маалымдады.

Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча украин жана орус делегацияларынын 28-февралда сүйлөшүүлөрүнүн биринчи раунду аяктады.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты