Гүлзат Мамытбек кайрадан ачкачылык жарыялады

  • 2 года мурун

Алдамчылыкка шектелип абакта жаткан блогер Гүлзат Алымкулова (Гүлзат Мамытбек) ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордон (КАУБ) билдиришти.

Маалыматка ылайык, Гүлзат Алымкулова жана аны менен бир камерада отурган алты жаран аталган борборго арыз менен кайрылып, №21 жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлеринин орой мамилесине жана абактагы шарттарга нааразычылыгын билдирип, ачкачылык жарыялашканын айтышкан.

Бул боюнча улуттук борбор Мамытбектин катын прокуратурага жөнөттү.

Гүлзат Мамытбек өткөн жылдын 25-октябрында алдамчылыкка шектелип Биринчи май РИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалган.

Ал буга чейин дагы «системага нааразы» экенин айтып, тамак ичүүдөн баш тарткан. Бир канча күндөн кийин ачкачылык жараянын токтоткон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты