Шаардык сот Султанбековду камакта калтыруу боюнча чечимди өзгөрткөн жок   

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 29-январда, Бишкек шаардык соту “Социал-демократтар” партиясынын төрагасы Темирлан Султанбековдун жана партия мүчөсү Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Түрксевердин баш коргоо чарасы боюнча арызды карап, райондук соттун камакка калтыруу чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

21-январда Бишкек шаардык соту «Социал-демократтар» партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алды.

2024-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган. 

Мындан улам Султанбеков тергөө абагында ачкачылык жарыялаган. Темирлан Султанбеков 76 күндөн бери абакта ачкачылык кармоону улантууда.

2024-жылы 2-декабрда Бишкек шаардык соту «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы боюнча аппеляциялык арызын карап, Свердлов райондук сотунун эки айга камаган чечимин күчүндө калтырды.

Сүрөттө: Темирлан Султанбеков. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты