Гүлнара Баатырова эмгек министри кызматынан бошотулду

  • 2 месяца мурун

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Баатырова Гүлнара башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Гүлнара Баатырова 2023-жылы 13-сентябрында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалган. Ага чейин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган.

Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Жылдыз Полотованын  талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

Сүрөттө: Гүлнара Баатырова. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты