Футбол: Кыргызстан менен Тажикстан командалары 0:0 эсеби менен тең чыкты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 14-июнда, футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командалары беттешти. Оюнда командалар 0:0 эсеби менен тең чыкты.

Оюн саат 21:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо башталды.

Буга чейин Кыргызстан Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 менен уткан. Тажикстан Мьянманы 4:0, Сингапурду 1:0 менен жеңди.

Кыргызстан мөөнөтүнөн мурда Азия кубогунун финалына чыкты. Бул оюн ким биринчи болуп чыгат, ким экинчи болуп чыгарын аныктады. Эки команда тең Азия кубогуна чыгат.

Азия кубогу 2023-жылы Кытайда өтөт. 2019-жылдан баштап турнирге 24 команда катыша баштаган. Ага чейин 16 команда болчу.

Азия кубогу – Азиядагы футбол боюнча улуттук курама командалардын негизги мелдеши. Ал 1956-жылдан бери төрт жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Мелдеш дүйнөлүк чемпионаттан бир жылдан кийин өтөт. Чемпиондукту эң көп жеңип алган – Жапония (4 жолу).

Кыргызстан тарыхында биринчи жолу Азия кубогуна 2019-жылы Абу Дабиде (БАЭ) өткөн мелдешке катышкан. Ага чейин тандоо оюндарынан чыга албай келген.

Сүрөттөр: Кыргызстан футбол союзу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты