Футбол: Кыргызстан командасы Мьянманы жеңди  

  • 2 года мурун

Бүгүн, 11-июнда, Бишкекте футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан Мьянма курама командасы менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңип алды.   

Биринчи таймдын оюн эсебин Виктор Майер ачып берип, экинчи голду да Виктор Майер Кыргызстандын эсебине кошту.

Буга чейин Кыргызстан командасы Сингапур менен ойноп 2:1 эсебинде жеңип алган.

14-июнда Кыргызстандын Тажикстан менен беттеши Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков стадионунда болот.

Сүрөт: Кыргызстан футбол союзу

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты