Франция борбор азиялыктарга көзөмөлдү күчөттү

  • 4 недели мурун

28-мартта Europe 1 француз радиостанциясы өз сайтында Орусиядагы теракттан бир жумадай убакыт өткөндөн кийин француз чалгындоо кызматтары Франциянын аймагындагы теракт ыктымалдыгына тынчсыздана баштаганы тууралуу жаңылыктарды жарыялады.

Маалыматта Франциянын чалгын кызматы Олимпиада оюндарынын ачылыш күнүндө чабуул ыктымалдыгын минималдаштырууну көздөп жатканы жана негизги көңүлдү Борбор Азиядан келген иммигранттарга бурууну чечкени айтылган.

Бул кабарга Кремлге ыктаган орусиялык сайттар менен блогерлер, ошондой эле Франциянын ашынган оңчул TVL каналы көңүл бурду.

Europe 1 чалгын кызматына шилтеме берүү менен «Акыркы жумада биз байкоо жүргүзүп жаткандардын арасында Борбор Азиядан келген көптөгөн адамдар бар» деп билдирди. Басылма француз чалгын кызматы Кыргызстан, Түркмөнстан жана Казакстандын жарандарына көңүл бурууну чечкенин белгилеген.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалымат расмий тастыктала электигин билдирди.

Күн мурун ТАСС агенттиги Europe 1ге шилтеме берүү менен Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманин Пасханы майрамдоо алдында коопсуздук чараларын күчөтүүнү буйруганын кабарлаган.

AFP агенттиги Дарманинге шилтеме берүү менен Пасха майрамында 4530 чиркөө менен собордун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 13 500 полиция жана антитеррордук бөлүктөрдүн аскерлери тартылганын маалымдады.

24-мартта француз бийлиги Москванын четиндеги “Крокус Сити Холлго” кол салуудан кийин террордук коркунуч эң жогорку деңгээлге көтөрүлгөнүн жарыялаган.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты