Флай: «Азаттыкка» тоскоолдуксуз иштөөгө жол берилиши керек

  • 1 год мурун

«Эркин Европа / Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай «Азаттык Медианын» банк эсептеринин эч түшүндүрмөсүз бөгөттөлүшү боюнча билдирүү жасады.

«Кыргыз бийлигинин мындай эскалациясы Кыргызстандын мыйзамдарын бузуп жаткандай көрүнөт. Биз журналисттерибиздин оозун жабуу аракетине каршы күрөшөбүз» деди Флай.

Эл аралык медиа корпорациянын жетекчиси «Азаттык» радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин кошумчалады.

«Азаттык Медианы» эсебине эч кандай түшүндүрмөсүз ,бөгөт коюлганы тууралуу мекемени тейлеген «Демирбанк» 31-октябрда маалымдаган. Банктын өкүлдөрү бул тууралуу телефон аркылуу оозеки ырастап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айтышкан.

«Азаттык Медиа» банкка жана УКМКга расмий түшүндүрмө сурап  жөнөттү. Азырынча эки тараптан тең жооп ала элек.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтына расмий түшүндүрмөсөз  эки айга жабуу чечимин Европа / Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай эркин медианын үнүн басуу Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн — авторитардык ыкма экенин билдирген.

27-октябрда министрликтин адистери «Азаттык Медиа» мекемесинин каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс, Human Rights Watch уюму, «Журналисттерди коргоо комитети» баштаган бир катар эл аралык уюмдар “Азаттыкты”н сайтынын бөгөттөлгөнүн сындады.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты