Каржы министрлигинде каржылык коопсуздук бөлүмү түзүлдү     

  • 1 неделя мурун

Каржы министрлиги каржылык коопсуздук бөлүмү түзүлгөндүгүн билдирди. Бул бөлүмдүн иши каржы министрлигинин түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган.

Опузалап акча каражаттарын, белек талап кылуу, каржы министрлигинин кайсы бир бөлүмүнүн компетенциясына кирген маселелерди жана мыйзамдарда каралбаган башка кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн кароону, негизсиз создуктуруу фактыларына туш болгон бардык жарандардан 0312-625313 телефону боюнча министрлик финансылык коопсуздук бөлүмүнө кайрылууну суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты