Ташиевдин уулунун атына жамынып. Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык кылууга бөгөт коюлду
- 1 год мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын жакын туугандарынын атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча Ш.у.З. жана С.И.Ф. аттуу жарандар кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, аталган адамдар коркутуу жолу менен, ошондой эле КР УКМК төрагасынын уулу менен жакын мамиледе экендигин айтып, К.Э.И. аттуу жарандын кыймылсыз мүлкүн ээлеп алышкан.
2025-жылдын 3-июлунда козголгон кылмыш ишинин алкагында Ш.у.З. жана С.И.Ф. кармалып, №1 камак жайына киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, башка тиешеси бар адамдар такталууда.


Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү




