Өзбекстанга 100 аквариум ташбакасынын алынып өтүшүнө бөгөт коюлду
- 2 недели мурун
- Видео
Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдиргендей, 8-апрелде “Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу ири партиядагы аквариумдук таш бакаларды алып өтүүгө аракет кылган жаранды кармашкандыгын маалымдады.
Паспорттук көзөмөл учурунда 1991-жылы туулган, С.М., аттуу Кыргызстандын жараны рюкзагына полиэтилен баштыкка тирүүлөй аквариумдук 100 таш баканы салып алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталган.
Кармалган жаран таш бакаларды бейтааныш адамдын өтүнүчү менен чек арадан алып өтүүгө алгандыгын билдирген. Текшерүү учурунда ал жарандын жаныбарларды чек арадан алып өтүүгө уруксат берүүчү доументтери жок экендиги аныкталган. Кармалган жаран жана конфискацияланган таш бакалар андан аркы териштирүүлөр жүргүзүлүшү үчүн жана мыйзам чегинде чара көрүлүшү үчүн тийиштүү компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан