ИИМ интим-кызматтарын жарнамалаган сайттарга бөгөт коюлганын билдирди

  • 1 год мурун

Ички иштер министрлиги (ИИМ) интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүүдө интим кызматтарын жайылтууга байланыштуу маалыматтарды камтыган 20дан ашык интернет-ресурстарды аныктап, бөгөт койгонун кабарлады.

«Бул сайттарда кыздардын жылаңач сүрөттөрү, интимдик кызмат көрсөткөн кыздардын сүрөттөрү жана кызмат акысы жарыяланган. Бул маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгү оңой жана бул ресурстарга жашы жете электер дагы кире ала тургандыгы тынчсыздандырбай койбойт. Аталган сайттардын иши мыйзамдардын ченемдерин бузат, анын ичинде «Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын бузуу болуп саналат» деп айтылат ИИМ басма сөз кызматынын маалыматында.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты