Депутат Бекешев Россиядагы кыргыз жарандарына укуктук жактан жардам берүү керектигин айтты

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 12-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Россиядагы кыргызстандыктардын эсептери бөгөттөлүп, чектөөлөргө туш болуп жаткандыгын жана аларга укуктук жактан жардам керектигин айтып чыкты.

-Россия Федерациясында биздин жарандарга кандай мамиле жасалып жаткандыгы абдан өкүндүрөт. Россия бул биздин стратегиялык шериктешибиз, бирок биздин жарандардын эсептерин кантип бөгөттөп, чектөөлөрдү коюп жаткандыгын көрүп, 9мындай чектөөлөрдү дүйнөдө бир да мамлекет биздин жарандарга койгон жок), мындай мамилени кантип шериктешине, досуна, Евразия экономикалык шериктеш мамлекет жарандарына кылсын деп суроо саласың. Биздин тышкы иштер министрлигин, чет өлкөдөгү биздин жарандардын укугун коргосун, биздин жарандар кайрылса, чат бот жооп берет экен. Биздин тышкы иштер министрлиги биздин жарандарга укуктук колдоо көрсөтсүн. Чектөөлөрдү ала албайбыз, бирок укуктук жактан жардам берип, ал жактагы акчасын  чыгарып кетсин. Чат-бот эмес, өздөрү жолуксун, -деди депутат Дастан Бекешев.

2025-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын 67 миңге жакын жараны Россияда көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилип, алардын басымдуу көпчүлүгүнүн банк карталары бөгөттөлгөн.

ТИМ Россияда көзөмөлгө алынган адамдар реестринен чыгуу үчүн эмне кылуу керек экенин сунуштады.  

“Бул категориядагы жарандар көзөмөлдөнгөн адамдардын реестринен чыгаруу, банктык карталарды блоктон чыгаруу жана башка чектөө чараларын алып салуу үчүн өлкөдөгү өздөрүнүн укуктук абалын жөнгө салууга же Россия Федерациясынан чыгып кетүүгө тийиш. Өзүнүн укуктук абалын жөнгө салууну каалаган жарандар Россия Федерациясынын аймагында убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө тиешелүү арыз менен Россиянын ички иштер министрлигинин аймактык органдарына (Москва шаарында жашаган жарандар үчүн «Сахарово» көп функционалдуу миграциялык борборго) кайрылууга жана иш берүүчү тарабынан 2025-жылдын 30-апрелине чейин күбөлөндүрүлгөн эмгектик же жарандык-укуктук келишимдин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү”.  

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкүдөй жол-жоболордон өтүшү керек:

— биометрикалык маалыматыңызды берүү (милдеттүү түрдө мамлекеттик манжа изин жана сүрөткө тартуудан өтүү);

— медициналык текшерүүдөн өтүү;

— Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүгө тийиш болгон милдеттүү төлөмдөр боюнча төлөнбөгөн карыздары жоюу.

Бул учурда, (убактылуу жашоого уруксаты, жашоого уруксаты, эмгектик же жарандык-укуктук келишими) бар жана жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболордон өткөн жарандар көзөмөлдөнүүчү адамдардын реестрине киргизилген учурда, аларды реестрден чыгаруу үчүн Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарына кайрылуу керек.

Ушуга байланыштуу министрлик көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине кирбөө үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына жакынкы аралыкта бардык документтерин иретке келтирүүнү жана Россияда мыйзамдуу жүрүүсүнө байланышкан бардык маселелерди чечүүнү дагы бир жолу сунуштайт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты