Филадельфия шаарында жол кырсыгынан каза тапкан эки кыргызстандыктын сөөгү Мекенине жеткирилди

  • 2 месяца мурун

АКШнын Филадельфия шаарындагы жол кырсыгында каза тапкан эки кыргызстандыктын сөөгү Кыргызстанга жеткирилди.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 11-мартта  билдирди.

Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы элчилиги жана андагы кыргыз диаспорасы менен бирге Филадельфия шаарында  2024-жылдын 3-мартында каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча тиешелүү иштер ыкчам түрдө уюштурулду. 

“Жүк-200” Кыргызстанга 2024-жылдын 8-мартында эртең менен,»Манас» эл аралык аэропортуна жеткирилген.

Тышкы иштер министрлиги 2024-жылдын 4-мартында массалык маалымат каражаттарында жарыяланган АКШда эки жаш кыргызстандык жол кырсыгына кабылганы тууралуу маалымат боюнча билдирүү жасаган.
Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчилигинин маалыматы боюнча, Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарындагы жол кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын эки жараны каза болгон. КРнын чет өлкөлүк мекемеси тарабынан каза болгондордун тек-жайы аныкталды. Алар — 2002-жылы туулган Б.А. жана 2003-жылы туулган Е.Т.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты