АКШнын Пенсильвания штатында жол кырсыгынан кыргызстандык эки жаран каза тапты

  • 2 месяца мурун

Тышкы иштер министрлиги 2024-жылдын 4-мартында массалык маалымат каражаттарында жарыяланган АКШда эки жаш кыргызстандык жол кырсыгына кабылганы тууралуу маалымат боюнча билдирүү жасады.
Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчилигинин маалыматы боюнча, Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарындагы жол кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын эки жараны каза болгон. КРнын чет өлкөлүк мекемеси тарабынан каза болгондордун тек-жайы аныкталды. Алар — 2002-жылы туулган Б.А. жана 2003-жылы туулган Е.Т.

Министрликтин маалыматына ылайык, маркумдардын туугандары менен ыкчам түрдө байланыш жүргүзүлүүдө. КР элчилиги тарабынан кырсыктын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, каза болгондордун сөөгүн Мекенине жеткирүү маселеси каралып жатат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты