Фархат Исмаилов: “Ким өлкө башчысына каршы сүйлөсө, Күнгө карай таш ыргыткан менен барабар”

  • 2 года мурун

Бүгүн, 26-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Фархат Исмаилов камалган саясатчылар менен активиcттердин маселесин парламентте кезексиз карайлы деген Адахан Мадумаровдун сунушунан кийин аны айыптады жана мамлекет башчы 30 жылда жасалбаган иштерди жасап жатканын айтты:   

-Адахан Кимсанбаевич пиарды иштеп чыкканга көп сөздөрдү сүйлөп коет. Токтотуңуз, мындай сүйлөгөн болбойт! Мамлекет кыйын ахвалда турганда, сырды сактап, кичине сабыр кылып турган жакшы.         

Кимде-ким өлкө башчысына каршы сүйлөй турган болсо, Күнгө карай таш ыргыткан менен барабар. Ал таш өзүңүзгө тийиши мүмкүн.

Отуз жылда президенттердин эч кимиси андай жакшы иштерди алып барган эмес. Күчтүү курал-жарактарды алып келип. 30 жылда мындай эч ким иштеген эмес.  Сиз отуз жылда бир кирпич алып келген эмессиз, -деди депутат Исмаилов.  

 Бүгүн, 26-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Сейитбек Атамбаев кечээ жакында төңкөрүшкө даярдык көрдү деген айып менен камалган саясатчылар жана активисттердин маселесин көтөрүп, ИИМ, Жаза аткаруу кызматынын жетекчилерин, Акыйкатчыны чакырып, күн тартибинде кароону, алар камалып жаткан СИЗО-1де шарт өтө жаман экенин айтты:

Депутат Дастан Бекешев да кечээ комитеттин отуруму болгонун, бул маселени караш керек экендигин билдирди.   

Депутат Адахан Мадумаров да бул пикирлерге кошулуп, маселени кезексиз кароо сунушун билдирди.

Сүрөт: Видеодон скриншот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты