Фактчек: Соцтармактардагы Аскар Салымбековдун “байлыгымды кыргызстандыктарга бөлүштүрүп берем” деген видеосу — фейк
- 2 недели мурун
- Фактчекинг
Фейсбук жана Инстаграм соцтармактарында ишкер Аскар Салымбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусу тарап жатат. Анда белгилүү ишкер кыргызстандыктарды өзүнүн инвестициялык платформасына салым кошууга чакырып, байлыгын салым кошкондорго бөлүштүрүп берерин айтат. “Политклиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.
Видеолордо Аскар Салымбеков төмөнкүдөй сүйлөйт: “Мен кыргызстандыктарга өзүмдүн бардык байлыгымды мурас катары калтырам. Балдарым мени капа кылышты, ошондуктан алар менин мурасымда жок. Ушул себептен эгер мен өтүп кетсем, бийликтеги адамдар менин бардык мүлкүмдү жана инвестициялык платформамды уурдап алышы мүмкүн. Буга негизги себеп – «Кыргызнефтегаздын» акцияларынын башка активдерге караганда көбүрөөк киреше алып келиши. Мен буга жол бербейм жана бардык акцияларымды өзүмдүн платформама салым кошкондорго берем. Февралдын агына чейин акция ээси болуп үлгүргөндөр менин байлыгымды бөлүшүп, өмүр бою пассивдүү киреше табууга мүмкүнчүлүк алышат”.
Бирок текшергенде бул видеолор жасалма, башкача айтканда, дипфейк экендиги белгилүү болду. Дипфейк — көп учурда белгилүү адамдардын видеосу алынып, алардын үнү жана ооз кыймылдары жасалма интеллекттин жардамы менен өзгөртүлүп жасалган видеолор.
Фейсбуктагы дипфейк видеонун оригиналында Аскар Салымбеков News Kg медиасынын Ютуб каналына маек берген. Андагы оригинал видеону алып, Салымбековдун үнүнө окшош жасалма үн кошуп жасашкан.
Ал эми Инстаграмда тарап жаткан фейк видео тууралуу Аскар Салымбеков өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып, бул маалыматтын жалган экендигин билдирген. Анда ишкер: “Урматтуу кыргызстандыктар! Акыркы убакта жасалма интеллект аркылуу шылуундар өлкөбүздөгү белгилүү инсандарды чагылдырган фейк видеолорду жасаган учурлар көбөйдү. Алар дагы бир жолу менин катышуумда видео жаратып, аны социалдык тармактарда жарыялап жатышат”,- деп айтып, жарандарды шылуундарга ишенбөөгө чакырган.
Соцтармактарда белгилүү ишмерлердин, саясатчылардын сүрөт-виделорун жасап, “Кыргызнефтегаз” сыяктуу чоң ишканалардын атын колдонуп, шылуундук кылгандар көп. “Политклиника” медиасы буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева жана саясатчы Равшан Жээнбековдун дипфейк видеолору колдонулган, “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасы Кыргызстандын жарандарына инвестициялык жаңы долбоорду сунуштап жатат деген жарнама фейк экендигин аныктаган.
Жыйынтык: Соцтармактарда тарап жаткан белгилүү ишкер Аскар Салымбековдун кыргызстандыктарды инвестиция чакырган жана анын инвестициялык долбооруна салым кошкондорго байлыгын бөлүп берем деп айткан билдирүүсү — жалган маалымат. Интернеттеги шылуундардан сак болуңуз!