Депутаттын үйүнөн алтындан жасалган ич кийим табылдыбы? Текшеребиз
- 5 дней мурун
- Фактчекинг
Алтындан жасалган ич кийимдин сүрөтү дүйнөнү дүңгүрөттү. Иракта депутат айымдын үйүн тинтүү учурунда 57 миллион АКШ доллары, 27 килограмм алтын жана алтындан жасалган ич кийим табылганы айтылууда. Бул кабар вирустай тарап, интернетте кызуу талкууну жаратты.
Биз бул маалыматтын чын-төгүнүн текшерип көрдүк.
Чынында эле ушул аптанын башында Иракта коррупцияга каршы масштабдуу операция жүргүзүлүп, 47 адам кармалганы тууралуу маалымат тараган. Алардын арасында өкмөт мүчөлөрү жана парламенттин бир катар депутаттары бар экени айтылган.
Ирактын премьер-министринин кеңешчиси бул тууралуу билдирүү жасап, 2003-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик бюджеттен 2 триллион доллардан ашык каражат уурдалганын айтып, коррупцияга каршы күрөш мындан ары да уланарын билдирди.
Тинтүү учурунда айрым чиновниктердин үйүнөн чемодандарга толгон акчалар табылып, фейк маалыматтардын тарашына да себеп болууда.
Мисалы депутат Хинд аль-Аббасинин үйүнөн алтындан жасалган ич кийим табылды деген маалымат. Сүрөттү гугл аркылуу издегенде, ал буга чейин эле интернетте ар кандай контекстте жарыяланып жүргөнүн көрүүгө болот. Анын үстүнө мындай аталыштагы бренд дагы жок.


Бул билдирүүнү негизинен ишеним жаратпаган сайттар, пабликтер жана социалдык тармактардын колдонуучулары гана таратып жатышат.
Жыйынтык: Ирактагы коррупцияга каршы күрөш операциясынын алкагында депутат Хинд аль-Аббасинин кармалганы чындык, бирок анын үйүнөн алтындан жасалган ич кийим табылганы тууралуу ишенимдүү далилдер жок.

Сүрөттөр: Интернет булактарынан




