Бомба коюлгандыгы тууралуу жалган маалымат берүүгө шектүү кармалды  

  • 3 недели мурун

20 жана 21-апрелде «Евразия» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берүүгө шектелген Ж.У.М. аттуу жаран кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, кармалган жаран кылмышын жашыруу жана анонимдүүлүктү камсыз кылуу максатында өзүнүн «@azertrc» деген аталыштагы аккаунту аркылуу Telegram тармагындагы «СНГскамеры» жана «WTB KRG» каналдарында үчүнчү жактардан мессенжерлерде катталган аккаунттары бар SIM-карталарды сатып алып турган.

Аталган кылмыштуу аракеттерге кармалган жаранды бейбаштыгы, ошондой эле укук коргоо органдарынын мындай фактыларга карата кандай реакция кыларын билүүгө кызыгуусу түрткү болгону аныкталды.

УКМК террордук акт тууралуу атайылап жалган билдирүү оор кылмыш болуп эсептелет жана кылмыш жоопкерчилигине алып келет. Ошондой эле жарандарды сак болууга чакырып, эч кандай шартта өздөрүнүн жеке маалыматтарын жана SIM-карталарын үчүнчү жактарга бербөөгө чакырат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты