Европарламент депутаттары «Социал-демократтардын» биринин кармалышына тынчсыздануусун билдирди
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-февралда, Европа парламентинин адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури баштаган депутаттарын кабыл алды. Европарламент депутаттары жарандык коом жана сөз эркиндиги чектелип жатканына тынчсыздануусун билдирди. Европарламенттин депутаттары «Социал-демократтар» партиясынын мүчөлөрүнүн биринин кармалышына байланыштуу тынчсызданууларын да белгилешти.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.
Маалыматта айтылгандай, мамлекет башчы Кыргызстан жана Европа Бирлиги эки тараптуу жана аймактык демилгелерди камтыган конструктивдүү жана көп кырдуу кызматташтыкты колдой турганын өзгөчө баса белгиледи. Ошол эле учурда президент республика бир жактуу жана субъективдүү мамилеге туш болуп жатканын өкүнүч менен белгиледи, бул өзгөчө Европарламенттин Кыргызстандагы кырдаал боюнча кабыл алган резолюцияларында ачык көрүнүп турат.
“Сөз эркиндиги жана адам укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын негизги артыкчылыктары болуп саналат. Эл аралык коомчулуктун активдүү катышуучусу жана БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү катары Кыргызстан демократияны, мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөө жана эл аралык милдеттенмелерди сактоо боюнча чараларды ырааттуу ишке ашырууда. Буга байланыштуу аталган резолюцияларды даярдоодо Европа тарап кыргыз тараптан түшүндүрмө же кошумча маалымат сурабаганы таң калтырат» деди Садыр Жапаров.
Өз кезегинде Европа парламентинин адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури мамлекет башчыга кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы стратегиялык кызматташтык маанилүү милдет экендигин баса белгиледи. Ал ачык диалогго даяр экендигин ырастап, жолугушуунун жыйынтыгы тараптар ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөгө олуттуу салым кошоорун кошумчалады.
Мунир Сатури Садыр Жапаровду коңшу өлкөлөр менен чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча жетишкендиктери менен куттуктады. Ал Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин, анын ичинде Венеция комиссиясынын сунуштамаларын толугу менен аткарып, демократия жана адам укуктарын коргоо принциптерине берилгендигин көрсөтүп жатканын өзгөчө белгилеп өттү.
Ал ошондой эле жарандык коом жана сөз эркиндиги чектелип жатканына тынчсыздануусун билдирди. Европарламенттин депутаттары «Социал-демократтар» партиясынын мүчөлөрүнүн биринин кармалышына байланыштуу тынчсызданууларын да белгилешти.
Аталган иш боюнча толук маалымат берүү максатында жолугушууга укук коргоо органдарынын жетекчилери чакырылып, алар адам укуктары боюнча кичи комитетинин депутаттарынын суроолоруна кеңири жооп беришти.
Шайлоочуларды сатып алуу иши боюнча маалыматты угуп, Садыр Жапаров Кыргызстан көп вектордуу саясат жүргүзүп, Европанын ар бир өлкөсү менен достук жана өнөктөштүк мамилелерге умтуларын белгиледи.
«Айрым саясатчылардын ишмердүүлүгүнө байланышкан майда маселелер кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө тоскоол болбошу керек» деп президент баса белгиледи.
Европа Бирлигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн убактылуу ишенимдүү өкүлү Ханс Фарнхаммер республиканын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин баса белгиледи. Ал Кыргызстандын министрликтери жана ведомстволору Евробирлик менен кызматташтыкты бекемдөө боюнча олуттуу иштерди аткарып жатканын айтып берди.
8-февралда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, партиянын мүчөсү Ирина Карамушкинанын жана тарапташы Роза Турксевердин баш коргоо чарасы болуп өттү. Райондук сот үчөөнүн абактагы мөөнөтүн 13-мартка чейин узартты.
2024-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.
Сүрөт: president.kg