Европа лидерлери узак мөөнөттүү келечекте Украинанын евроинтеграциясын колдошту

  • 2 года мурун

Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Версаль шаарында өткөн саммитте Украинанын Европа биримдиги (ЕБ) менен интеграциясын колдошту. Бул тууралуу Литванын Президенти Гитанас Науседа «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Анын айтымында, мындай чечим беш саатка созулган талкуудан соң кабыл алынды. «Процесс башталды. Эми муну тез ишке ашыруу украиндердин колунда. Украин эли ЕБ өлкөлөрү аларды кубанып тосуп аларын билүүгө татыктуу» деп жазды Науседа.

ЕБдин бейформал саммитинин жыйынтыгы боюнча 11-мартка караган түнү жарыяланган билдирүүдө эми Еврокомиссия Украинанын ЕБге кирүү арызы боюнча корутунду чыгарышы керектиги, ага чейин Киев менен өнөктөштүк мамилелерди бекемдөө пландалып жатканы жазылган. «Украина биздин европалык үй-бүлөбүзгө таандык»деп жазылган билдирүүдө.

Нидерланддын премьер-министри Марк Рюттенин айтымында, ошол эле маалда Еврокомиссиянын корутунду чыгарышы узак убакытты алышы мүмкүн. «ЕБге кирүү үчүн тездетилген процедура жок. Бул узак убакыттан бери биримдикке кошулуу процедурасынын башталышын күтүп жаткан Монтонегро (Черногория), Сербия, Албания жана Түндүк Македонияга карата адилетсиз болуп калат, — деди ал.

«Биз украин элине баары азыр эле болуп кетет деген сезимди бербешибиз керек» деп кошумчалады Люксембургдун премьер-министри Ксавье Беттель.

ЕБ өлкөлөрү согуш аяктагандан кийин «демократиялык Украинаны калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүүнү» убадалашты. Саммиттин жыйынтыгы боюнча жарыяланган билдирүүдө ЕБ мындан ары да украин качкындарына «гуманитардык, медициналык жана каржылык» жардам берүүнү улантары белгиленген.

28-февралда Владимир Зеленский Украинанын Европа биримдигине кирүү тууралуу арызына кол койгон. Киев бул документтин көчүрмөсүн Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишелге, Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйенге жана Европарламенттин башчысы Роберт Метсолеге жөнөткөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты