Эркин журналист Ыдырыс Исаков дагы милицияга чакырылды  

  • 1 год мурун

Эркин журналист, Ютуб каналдын ээси Ыдырыс Исаков дагы милицияга суракка чакырылды.      

-Мен бүгүн дагы милицияга чакырылдым. Бул жолу баягы кубалашкан видео боюнча.

Эсиңиздерде болсо, баягыда мен “Сарыбашов мырза сизби?” деп сураганда атын жашырып качкан инспектор эми менин үстүмөн милицияга даттаныптыр.

Алгач ал киши талаштуу жердин түпкү документтерин таап, документтери жасалма эмес экенин далилдеп алгандан кийин менин үстүмөн милицияга эмес, бандиттерге даттанса дагы эп болмок. Али ал кишинин ак же кара экени аныкталбай атып, актанып баштаганы бир аз шашкандай болуп калыптыр, -деди Исаков.   

Андагы видео бул шилтемеде.

Эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаков 5-6-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кечээ эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаковдун милицияга чакыртылганы тууралуу түшүндүрмө берип, ал күбө катары суралганын билдирген.

Ыдырыс Исаков бир нече жыл “Азаттык” үналгысында иштеп, иликтөөлөрдү жазган. 2019-жылы  өз алдынча кетип, жеке Ютуб каналын ачкан. Анын 426 миң катталуучусу бар.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты