Эркин журналист Ыдырыс Исаков бүгүн дагы суракка чакырылды

  • 1 год мурун

Эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаков бүгүн, 6-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгына дагы суракка чакырылганын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

«Кечээки сурак чала болуп калыптыр. Ошого милиция бүгүн дагы чакырып атат. Кошумча суроолор бар дешти. Кыргызстанда кылмыштуулук азайып, тергөөчүлөр бекер калгандай болуп милициянын менин аракетимен кылмыштын курамын издеп аткандай. Мен ушу бийлик дегенди түшүнө албайм. Көксөгөн бийликке жеткенден кийин мурчуюп отуруп жумушту кыла берсе эмне болот? Же менин Жапаров президент болгонго чейинки сөзүм эми бирдемени чечеби? Кырдаалга эми таасир этеби? Негизи эле элдин бийликке ичи чыкпаганга, алымсынбоого, нааразы болууга да акысы жокпу? Кыскасы милицияга азыр кайра барам. Мен ушундай бекерчимин» деди Ыдырыс Исаков.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кечээ эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаковдун милицияга чакыртылганы тууралуу түшүндүрмө берип, ал күбө катары суралганын билдирген.

“Өткөн жумада Тик-Ток социалдык түйүнүндө “Альберт” (Albert) деген аталыштагы аккаунт аркылуу “Кыргыз ойгон, уйгур мафиясы Кыргызстанды тоноп жатат” деген башкы темада кыскача видеоролик жарыяланган. Анда Ыдырыс Исаковдун видеокайрылуусу дагы колдонулган. Бул видеоролик жана анын темасына байланыштуу Ыдырыс Исаков Ош милициясынын тергөө кызматына 5-февралда күбө катары чакырылды. Исаков “Альберт” деген атуулду тааныбасын, ал жерде колдонулган видео 2020-жылы элге жасаган кайрылуусунан бейтааныш адамдар монтаждап жасаганын, “уйгур мафиясын” билбесин айтты. Күбө катары суралган Исаков милицияда бир саатка жетпген убакыт болду”, – деп жазылган маалыматта.

Кечээ Ыдырыс Исаковго алгач Ички иштер министрлигинен байланышкан, кийин шаардык милициянын тергөөчүсү телефон чалганын маалымдаган. Алар журналисттин интернетте тарап жаткан видеосуна байланыштуу көрсөтмө берүүнү талап кылышкан. Журналист өзү кеп болуп жаткан видео азыркы президент тууралуу болушу мүмкүн деп болжоп жатат. Анда Ыдырыс Исаков Садыр Жапаров камакта жаткан маалдагы видеолорунун биринде сыпаттама берип сүйлөгөн.

Ыдырыс Исаков бир нече жыл “Азаттык” үналгысында иштеп, иликтөөлөрдү жазган. 2019-жылы  өз алдынча кетип, жеке Ютуб каналын ачкан. Анын 417 миң катталуучусу бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты