Эрбол Султанбаев АКШ Конгрессинин комитет төрагасы жана Мамлекттик департаменттин «Азаттык» боюнча кайрылуусуна жооп берди

  • 1 год мурун

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев АКШ Конгрессинин комитет төрагасы жана Мамлекеттик департаменттин «Азаттык» боюнча кайрылуусуна жооп берди

-АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын жана Мамлекеттик департаменттин «Азаттык» боюнча кайрылуусу менен тааныштык.

Алар алыскы жакта болгондуктанбы, бул жактагы жагдайды жеринен толук билбей, так түшүнбөй билдирүү жасаганы көрүнүп турат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык» чек арадагы окуя боюнча чындыкка дал келбеген маалымат таркатканы үчүн тийиштүү мыйзамдарыбызда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барган.

Андан соң аталган министрлик сот органдарына кайрылган. Сот органдары териштирүүлөрдүн жүрүшүндө тиешелүү чечим кабыл алышкан. Сот бийлиги бизде көз карандысыз, чечимди өз алдынча кабыл алат. Алардын ишине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок.

Кыргызстан — ачык-айкын, эркин өлкө. Бизде сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок. Өлкөбүздө ар бир жаран өз пикирин ачык айтууга толук укуктуу жана алар ушул укугун толук кандуу пайдаланышат. Ошондой эле бардык уюмдар дагы ушундай укуктарга ээ.

Бир гана шарт, өз ишмердигин мыйзамдарды так сактоо менен алып барышы зарыл.

Андыктан аталган билдирүүлөр орунсуз жана негизсиз деп эсептейбиз жана биздин ички иштерибизге кийлигишпөөгө чакырабыз,-деди Эрбол Султанбаев.  

27-апрелде Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда судья Чолпон Каримбаева «Азаттык Медиа» мекемесинин ишмердигин токтотуу тууралуу чечим чыгарган.

26-апрелде Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда маданият министрлигинин «Азаттык Медианын» ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча арызы карална. Анда лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы каралды. Лингвист-эксперт Жийде Семенова суроолорго лингвист эмес, юрист эксперттер гана так аныктама бере аларын айтты.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу Бишкектин Ленин райондук сотунун «Азаттык Медианын» ишмердигин токтотуу тууралуу «чектен чыккан» чечимине каршы даттанат. Бул тууралуу эл аралык медиа корпорациянын президенти Жейми Флай билдиргенин «Азаттык» жазып чыкты.

«Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат» деди Флай.

23-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданган.

Доо арызда эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп айткан.
Мындан тышкары “Азаттыктын” сайты жана банктагы эсеби боюнча да сот иштери уланып жатат. Банк эсептин жана сайттын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, кыргыз бийлигин «Азаттыктын» ишмердигин чектөөнү токтотууга үндөшкөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты