Электр энергияны бөлүштүрүүчү компаниялардын саны кыскарды

  • 2 года мурун

Президенттин жардамчысы Эрбол Султанбаев электр энергияны бөлүштүрүүчү компаниялардын саны олуттуу кыскаргандыгы тууралуу Фейсбук баракчасына жазды.

«Президент Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстанда энергетикалык бөлүштүрүүчү жеке ортомчу компаниялардын саны олуттуу кыскарды. Учурда алардын саны 28ден 12ге чейин кыскарды. Азыркы тапта электр энергиясын калкка жеткирүү процессинде энергетикалык жеке ортомчу компанияларды толук жоюу үчүн оптимизациялоо иштери уланууда» деп жазды президенттин жардамчысы.

Буга чейин Президент Садыр Жапаров электр энергияга болгон баа кымбаттай турганын Фейсбук баракчасы аркылуу жарыялаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты