Султанбаев: “Акча алуу максатында өздөрүн жогорку кызматтагы адамдарбыз деген алдамчылар пайда болду»   

  • 11 месяцев мурун

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кийинки кездеги өзлөрүн жогорку кызматтагы адам катары көрсөтүп, акча жасаган шылуундар пайда болгонун Фейсбук баракчасында жазды.   

-Акыркы убакта, белгисиз бирөөлөр акча каражатын алуу максатында өздөрүн “жогорку кызматтагы адамдарбыз, анын ичинде менин атымды айтып, өздөрүн Президенттин басма сөз катчысы деп тааныштырган” телефондук алдамчылык фактылары кайрадан көбөйдү.

Алдамчылардын “курмандыктары” — көбүнчө мамлекеттик кызматкерлер. Аларга телефон чалып, өлкөнүн жогорку жетекчилиги катышчудай ар кандай иш-чараларга чакырып же аларга кызматтан көтөрүүнү сунушташат.

Ишенимге ээ болуу менен шылуундар алдамчылык жолу менен өздөрүнүн “курмандыктарынан” акча алышат.

Буга байланыштуу биз дагы бир жолу бардык жарандарга, өзгөчө мамлекеттик кызматкерлерге мындай шылуундардын жетегинде жүрбөөнү, мындай көрүнүштөр орун алган учурда тез арада укук коргоо органдарына кайрылууну эскертебиз,-деп жазды Султанбаев.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты