Райондук сот «Азаттык медианы» жабуу чечимин кабыл алды

  • 12 месяцев мурун

Бүгүн, 27-апрелде, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Маданият министрлигинин «Азаттыктын» ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча арызы каралып, сот аны канааттандырды.

Буга чейин жактоочулар соттон Маданият министрлигинин доо арызын четке кагынуу өтүнүшкөн.

Соттук отурумга бир катар маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, жарандык активисттер катышты.

26-апрелде Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда маданият министрлигинин «Азаттык Медианын» ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча арызы каралды. Анда лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы каралды. Лингвист-эксперт Жийде Семенова суроолорго лингвист эмес, юрист эксперттер гана так аныктама бере аларын айтты.

Буга чейин Ленин райондук соту «Азаттык Медианын» иши боюнча Маданият министрлигинин “Настоящее время” телеканалында жарыяланган материалды лингвистикалык экспертизага берүү өтүнүчүн канааттандырган.

23-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданган.

Райондук сот "Азаттык медианы" жабуу чечимин кабыл алды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты