«Азаттык» иши: Лингвист суроолорго лингвист эмес, юрист-эксперт жооп бериши керектигин айтты

  • 12 месяцев мурун

Бүгүн, 26-апрелде, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда маданият министрлигинин «Азаттык Медианын» ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча арызы каралды.

Анда лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы каралды. Лингвист-эксперт Жийде Семенова суроолорго лингвист эмес, юрист эксперттер гана так аныктама бере аларын айтты.

Бул тууралуу соттук отурумдан түз байланыш уюштурган «ПолитКлиниканын» кабарчысы Жылдыз Дускембаева билдирди.

«Азаттыктын» жактоочусу Тимур Султанов эксперт эки суроого жооп бербегенин айтты. «Лингвистикалык экспертиза жүргүзүү үчүн эки суроо коюлган. Эл аралык кастыкты козутуу, согуштун пропагандасы барбы же жокпу деген суроолор болгон. Эксперт бул суроолорго жооп берген жок. Андай жооптор камтылган эмес. Эксперт бул өзүнүн ыйгарым укуктарынын ашыкча, мындай суроо ыйгарым укугуна кирбей турганын айтты. Берилген доо арыз негизсиз болуп жатканын бүгүн көрдүк» деди жактоочу.

Кийинки соттук отурум эртең, 27-апрелде улантылат.

Буга чейин Ленин райондук соту «Азаттык Медианын» иши боюнча Маданият министрлигинин “Настоящее время” телеканалында жарыяланган материалды лингвистикалык экспертизага берүү өтүнүчүн канааттандырган.

23-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданганы маалым болду. Сот арызды кароо мөөнөтүн 9-февралга белгилеген. Доогер тараптын өкүлдөрү 9-февралдагы сот процессине келген эмес.

Министрликтин мындай кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер, уюмдар сындап чыгышты.

Сүрөт: Соттук отурумдан. 26-апрель 2023. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты