Президент Жапаров Беларустагы элчи Султанбаевди кабыл алды

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 6-ноябрда, президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаевди кабыл алды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Президент элчиликке Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу милдеттерин койду.

Эрбол Султанбаев эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча пландарын айтып берди.

Жакында президенттин жарлыгы менен Эрбол Султанбаев Кыргызстандын Белорусиядагы элчиси болуп дайындалган. Султанбаев президенттин басма сөз катчысы болуп эмгектенген.

Буга чейин Кыргызстандын Белорусиядагы элчиси кызматын Эрмек Ибраимов аркалап келген.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты