Эрбаев: УКМКда өзгөрүү болуп жатат. 96 кызматкер иштен четтетилди, 24үнө кылмыш иши козголду

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, Жогорку Кеңештин коргоо, коопсуздук боюнча комитетинде депутат Элвира Сурабалдиеванын УКМКда тазалануу болуп жатабы деген суроосуна жооп берип, УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев системдик, структуралык өзгөрүүлөр болуп жатканын билдирди.

-Улуттук коопсуздук комитетинде президент тарабынан коюлган тапшырманын негизинде жигердүү иштер, структуралык, системдк өзгөрүүлөр болуп жатат, анын баарын көрүп жатсаңыздар керек. Дзержинскийдин айткан сөзү бар ”Чекист эмоцияга алдырбаган, токтоо, ысык жүрөк жана таза колдуу адам” болушу керек.

Беш кол барабар эмес экен, ичинде жанагындай кызматкерлер бар, 96 кызматкерди четтеткенбиз, 24 кызматкердин үстүнөн кылмыш иши козголгон. Андан сырткары тийиштүү материалды берип жатабыз.  

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулган. Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.Рустам Мамасадыков УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Алишер Эрбаев УКМКнын төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору, Уранбек Шадыбеков УКМК төрагасынын орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалды.

Сүрөттө: Алишер Эрбаев. Интернет булактарынан    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты