Эр-Рияд шаарында Палестина-Израил жаңжалы талкууланды

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 11-ноябрда, Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында Садыр Жапаров Ислам кызматташтык уюмунун 8-кезексиз саммит Палестинадагы каргашалуу окуяларга байланыштуу өткөрүлүп жатканына токтолду.

«Бул чыр-чатактын кесепетинен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана бир айдан ашык убакыттан бери күчөгөн зордук-зомбулуктун натыйжасында эбегейсиз жоготууларга жана кыйынчылыктарга дуушар болгон бардык палестиналык жарандардын кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөт. Ар бир кыйылган өмүр – бул чоң трагедия. Өз кезегинде, Кыргыз Республикасы Газа тилкесиндеги карапайым калктын азабын жеңилдетүү үчүн гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр». деди президент Жапаров.

Президинт белгилегендей, Кыргызстан Палестина элинин көз карандысыздыкка жана суверендүү мамлекетти түзүүгө болгон мыйзамдуу укуктарын тааныйт. Ал палестиналыктардын таламдарына жана каалоолоруна жооп берген бирден-бир туура чечим — Коопсуздук Кеңешинин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын тиешелүү резолюцияларынын аткарылышы керектигин кошумчалады.

Буга байланыштуу Кыргызстан Коопсуздук Кеңешин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясын эл аралык коомчулуктун атынан Газа тилкесиндеги зордук-зомбулукту токтотуу жана Газа тилкесиндеги коопсуздук кризисин жөнгө салуу үчүн эффективдүү жана чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырат.

Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда, Сауд Аравиясында Ислам саммитине катышуу үчүн Эр-Рияд шаарына барды.

Иш сапар алкагында президент Жапаров Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина-Израиль жаңжалын талкууланууда.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты